Чүй облустук сотунун эки судьясы кармалганы айтылууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Чүй облустук сотунун эки судьясын кармаганын жергиликтүү басылмалар ишенимдүү булактарына таянуу менен жазууда.

Маалыматка караганда, алар кечээ, 2-июль күнү пара алууга шектелип кармалышкан.

Бирок бул боюнча УКМК маалымат бере элек. Ал эми Жогорку сот билдирүү жасап, жетекчилик сот системасынын ичиндеги коррупциялык фактыларды айыптай турганын белгилеген.

"Жогорку соттун жетекчилиги тийиштүү мамлекеттик органдардын коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча бардык аракеттерин колдоого алат", – деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан