Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең, 4-июлда Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсү менен кесилиши ачылат.
Ал эми Байтик баатыр менен Горький көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.
Мындан тышкары, Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилиши жол курулушундагы зарылчылыкка байланыштуу 7-июлга чейин жабык болот. Аталган кесилиште көпүрөнүн үстүндөгү эски асфальт алынып, жаңы асфальт басылууда.
Белгилей кетсек, Байтик баатыр Горький көчөсүнүн кесилиши жабылгандыгына байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөрдү: №195, 152, 103, 55, 56, 145, 102, 42, 169, 212.
Өзгөргөн кыймыл чиймелерди төмөнкү ссылка аркылуу көрүңүз: https://drive.google.com/file/d/1Mh5V_UBUXLtNqhRKj9nVjE_kqHK2uOX9/view?usp=sharing