Бүгүн, 4-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 165 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматында айтылат.
"Суунун агып келиши секундасына 1076 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 470 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми кечээ суунун көлөмү 11 миллиард 112 миллион куб метрди түзгөн болчу.