Баткенде өгөй атасы сабады делген 2 жашар кыз комадан чыкты

Баткенде өгөй атасы тарабынан сабалды делген 2 жашар кыздын абалы орто деп бааланууда. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 4-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков тастыктады.

Анын айтымында, 2 жаштагы наристе комадан чыгып, облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнө которулган.

Эске салсак, 7-июнда Баткен облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 2 жаштагы кыз түшкөнү айтылган. Бул боюнча милиция маалымат берип, кыз церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен төрөлгөнүн, аны өгөй атасы бастырууга аракет кылып жаткан учурда эс-учун жоготконун, натыйжада, наристени ооруканага жеткиришкенин маалымдаган болчу. Кийин облустук милиция 2 жашар наристенин ооруканага түшкөнү боюнча кылмыш иши козголуп, өгөй атасы кармалганын билдирген. 14-июнда шектүү делген өгөй атасы бир айга камакка алынганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан