"Евро-2024": Германиялык футболчуларга өзгөчө талап коюлду

Германия курама командасынын футболчуларына "Евро-2024" чемпиондугу аяктаганга чейин аялы жана сүйлөшкөн кызын чакырууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, турнирдин башында оюнчулардын жубайы жана сүйлөшкөн кыздарына оюнчуларга жолугууга уруксат болгон. Бирок чейрек финалга чыккандан кийин футболчулардын мейманканасына кирүүгө тыюу салынды.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Юлиан Нагельсманндын айтымында, аялдары жана сүйлөшкөн кыздары менен жолугушуулар футболчуларды беттешке даярдануудан алаксытат.

Белгилей кетсек, "Евро-2024түн" чейрек финалында Германия Испания менен 5-июль күнү ойнойт. Германия курамасы 2016-жылдан бери алгачкы жолу турнирдин чейрек финалына чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан