Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта 4-июлдан 7-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп жатканы айтылат. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлө турганы эскертилди.