"301 миллион сом зыян келген". Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте өзгөчө ири алдамчылыкка шектелип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-июнда милицияга И.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал О.К. аттуу жаран январь айында Jaguar жана Audi А6 үлгүсүндөгү унааларын сатууга жардам берем деп убадалап, бирок милдетин аткарбай качып кеткенин айткан. Натыйжада жабырлануучуга 55 миң доллар материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1985-жылы туулган О.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аны №1 тергөө абагына бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Мындан тышкары шектүү делген О.К. тергөөдө "Софит Строй" ЖЧКсынын батирлерин мыйзамсыз сатуу боюнча 209-берененин 4-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылуу) менен дагы айыпталган жана ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталган. Шектүү тарабынан келтирилген зыяндын жалпы суммасы 301 миллион 888 миң сомго жеткен.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан