Режиссёр Турсун Усенов дүйнө салды

Кинорежиссёр, актёр Турсун Усенов 74 жашында көз жумду. Бул тууралуу “Кыргызфильм” киностудиясынан билдиришти.
Кабарлангандай, режиссёр жол кырсыгына кабылып, ооруканада каза болгон.
Турсун Усенов 1950-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математикалык факультетине тапшырган. 1969-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтта окуган. Кийинчерээк, 1988-жылы ВГИКте режиссёрдук курста окуган.
Турсун Усенов “Кыргызфильм” киностудиясында өмүр боюу иштеди. Эң алгач “Уркуя” тасмасында реквизитордун жардамчысы катары ишин баштап, өмүрүнүн аягына чейин киностудияда эмгектенди.
Ал режиссёр катары да бир нече тасма тарткан:
1991-жылы «Катарсис» киностудиясында «Ночь демона» тасмасын койгон;
2004-жылы «Юридическая консультация», 13 сериядан турган сериалды тарткан;
2009-жылы «Цель жизни», 2011-жылы «Нам 70» даректүү тасмаларын «Кыргызфильм» киностудиясында тарткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан