ЭЛДИК КАБАР:  "Эл Аман" деп коюшат". Окурман мамлекеттик дарыканада дарылардын жоктугуна нааразы

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ооруканасынын ичинде жайгашкан мамлекеттик "Эл Аман" дарыканансында дарылар жок. Мындай билдирүүнү ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурман кабарлап, дарыкана иштебей эле турганын айтты.

"Мамлекеттик дарыканада дарылардын жоктугунан жеке менчик дарыканаларга барабыз. Ал жактагы дарылардын баасы болсо кымбат. Бир кичинекей "бабочка" деген ийнеси 10 сом турат. Ушул кантип мамлекеттик дарыканада болбосун? Кокус менчик дарыканалар жабылып калса өлүп кете беребизби? Анан дагы "Эл Аман" деп коюшат. Мамлекеттик чоң дарыкана дегени менен, кечкисин дагы иштебей эле турат", - деди окурман.

Ошондой эле ал ооруканада дарылар жок болуп жатканы кызыктырарын белгиледи.

"Дарыгерлер дайыма жеке менчик дарыканаларга чуркатышат. Ал эми менчик дарыканалар ооруканадан алыс жайгашкан. Дарыгерлер өздөрүндөгү ийнени деле сайып, мынча сом болду десе деле бермекпиз. Комиссия түзүп, дарыгерлердин ишмердүүлүгүн текшерүү керек болуп калды", - деп кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан