Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Facebook баракчасына мэр Айбек Жунушалиев экөө түшкөн сүрөтүн жүктөп, жумушка автобус менен бара жатышканын жазды.
"Бүгүн күнгө бейшемби. Мэрдин демилгеси менен ар аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрөбүз. Максатыбыз – шаарыбыздын көйгөйлөрүн эл аралап көрүп, маселени жеринен чечип берүү. Таң агаргандан баштап түн ортосуна чейин иштеп жүрөбүз. Эмгегибиз элибизге жаксын. Элибиз эмгекти баалап, туура сын-пикирлерин айтып турса биз да кемчиликтерди түздөп иштей беребиз", - деп жазган ал.