УКМК Аксы РИИБинин жетекчисин кармады (сүрөт) 

УКМК Аксы РИИБинин жетекчилиги тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, Аксы РИИБинин кызмат адамдары системалуу түрдө мамлекеттик сатып алууларды – көмүрдү, кызматтык автотранспорттун тетиктерин, кеңсе товарларын формалдуу жүргүзүү жолу менен аффилирленген фирмаларга акча каражаттарын которуп, андан ары накталай ыйгарып алышканы аныкталды.

Мындан тышкары аталган ИИБдин башчысы командировка чыгымдарына, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майга бөлүнгөн талондорду да өзүнө ыйгарып алган.

Ага ылайык, 2-июлда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алуу аракети учурунда УКМК кызматкерлери милиция менен биргеликте Аксы райондук ИИБинин башчысы, милициянын полковниги А.Аны жана эсепчиси Д.Тны кармашты.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан