Талас облусунда мыйзамсыз иштеп келген медресе жабылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат аталган медресе Маданият борбору кайрымдуулук мекемесинин филиалына жамынып алып, Талас районундагы Огомбаев айылында мыйзамсыз иштеп келгени аныкталган.
"Медресе тиешелүү мамлекеттик органдардан каттоодон өтпөстөн диний окуу жайларга карата белгиленген нормаларды жана талаптарды бузуу менен иштеп келген. Диний окуу жайда "Билим берүү жөнүндө" мыйзамды бузуу менен 12 жаштан 15 жашка чейинки балдар билим алышкан", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат базасында Маданият борбору мекемеси диний окууларды жүргүзүү укугуна ээ болгон тизмеде жок экенин тактаган. Мындан улам аталган мекеменин ишмердүүлүгү токтотулган.