Биз социалдык тармакта

Ошто уктоочу бөлмөгө баланы жалгыз таштап кеткен тарбиячынын үстүнөн арыз түштү (видео) 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Манас айылында бала бакча тарбиячысынын үстүнөн милицияга арыз түштү. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-июнь күнү милицияга К.Б. аттуу айыл тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылы туулган К.А. аттуу баласын бала бакчада тарбиячысы уктоочу бөлмөгө жалгыз калтырып койгондугун билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө К.Ага карата соттук-медициналык жана психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Бала бакчада тартылган видеодон кийин тарбиячынын үстүнөн милицияга арыз түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан