Бишкекте Комсомольское көлүн калыбына келтирүү иштери уланууда

Бишкекте жакын арада Кара-Жыгач токоюнда Комсомольское көлүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда көлдүн түбүн механикалык жана кол менен тазалоо, скважина жана канализация системасын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

"Жакында көлдүн айланасындагы тротуарга асфальт төшөө иштери башталат. Көлдүн түбүн жана тегерек-четин тазалоо иштерин "Бишкек жашыл курулуш" ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул жасалма көл жана өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Акыркы жылдары көлдү толтуруу үчүн суу Чоң Чүй каналдан алынса, быйыл скважинадан таза суу менен толтурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан