Бүгүн, 4-июлда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБ аймагында шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда жылуулук электр борборун 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Эске салсак, Бишкек ЖЭБи июнь айында мэриянын балансына өткөрүлүп берилген. Буга чейин "Электр станциялары" ААКнын филиалы болгон.