21-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев унаа токтотуучу жайдан чыгып келе жатып, күзөтчүнү сүзүп алган. Видеодо күзөтчү бир нерсе деп сүйлөгөнүн көрүүгө болот. Депутат чыгып, аны түртүп, алар мушташкан.
Депутаттын айтымында, анда кароолчу аны оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Унаада баласы менен жубайы болгон. Анда ал сыртка чыгып, кароолчуну алыстап кетүүсүн суранып түртүп жиберип, экөө мушташа кетишкен.
Эл өкүлү милицияга кайрылганын, бирок кароолчу андан кечирим сураганда арызын кайтарып алганын айткан.
ИИМ чыр-чатактын тараптары бири-бирине койгон дооматтарынан баш тартканын тастыктады.