
Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында селден улам киргизилген “өзгөчө кырдаал” режими алынды. Мындай маалыматты ӨКМден билдиришти.
Кабарга караганда, аталган аймакта сел кесепеттерин жоюу иштери толугу менен аяктаган.
Белгилей кетсек, 24-июнь күнү жааган нөшөрлүү жаандан улам аталган айыл аймакта сел суулары келип, 26-июнда "Өзгөчө кырдаал" режими
жарыяланган болчу.