Түндүк мобилдик тиркемесинде жаңы санариптик документ – жалпы орто билим жөнүндө аттестат/негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүктү киргизсе болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул санариптик сертификат кагаз түп нускасы сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ жана жумушка орношууда жана билимин тастыктаган документ талап кылынган башка учурларда колдонулушу мүмкүн.
Жаңы санариптик сертификаттын артыкчылыктары:
- Билим берүүдөгү документтерге санариптик формат аркылуу оңой жетүү;
- Ыңгайлуу колдонуу жана документтерди бөлүшүү мүмкүнчүлүгү;
- 2018-жылдан тартып берилген аттестаттарды санариптештирүү экени айтылат.
"Эгерде сиз 2018-жылга чейин мектепти аяктаган болсоңуз, анда аттестатыңызды санариптештирүү үчүн аттестат берилген окуу жайына кайрылышыңыз керек. Тиркеме эч кандай маалымат жок же ката болгон учурда аны оңдоо үчүн мектеп менен байланышуу сунушталат", - деп жазылат анда.
Бул кызмат Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке ашырылган.