Орусияда куралчан адам бир бөтөлкө сыра уурдап кармалды

Орусияда куралчан адам дүкөндөн бир бөтөлкө сыра уурдады. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, окуя түндө Владивосток шаарынын Нейбут көчөсүндөгү дүкөндө болгон.

Мылтыкчан адам дүкөнгө кирип, мурун унутуп кеткен баштыгын талап кылган. Андан соң ал муздаткычтан бир бөтөлкө сыраны алып, качып кеткени айтылат.

"Укук коргоо кызматкерлери азык-түлүк дүкөнүн тоноого шектүүнү кармашып, аты-жөнүн такташкан. Ал мурда соттолгон 40 жаштагы жергиликтүү жаран болгон. Ага карата кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Курал экспертизага жөнөтүлдү", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан