Ишкердин 8,1 миллион сомун алдап кеткен шектүү Алматыдан кармалды

Ишкердин акчасын алдап алганга шектелген жаран Алматыдан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган шектүүнү ИИМдин Интерполунун кызматкерлери Казакстанстандын укук коргоо органдары менен биргеликте колго түшүрүшкөн.

Белгилүү болгондой, июнь айында милицияга ишкерлик менен алектенген Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, базарлардын биринде ага жалданып иштеген кызматкер товар сатуудан түшкөн 2 миллион сомдон ашык сумманы өзүнө ыйгарып алган. Ошондой эле шектүү ишкердин ишенимине кирип, товарды ар кандай керектөөчүлөргө сатып берем деген убадасы менен 69 миң долларын алдап кеткен. Жалпы келтирилген материалдык зыяндын көлөмү 8 миллион 112 миң сомдон ашкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-бөлүгүнүн (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү делген Чүй облусунун 1989-жылы туулган З.И. аттуу тургунуна сыртынан айып тагылган жана эл аралык издөө жарыяланган.

"Милиция шектүү өлкө аймагынан "Ак-Жол" өткөрмө бекети аркылуу качып чыгып, Алматыга жайгашканын аныктаган. Ал жакында кармалды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан