
Кыргызгидромет билдиргендей, өлкөдө 8-июлдан 12-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Ага ылайык, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал.
ӨКМ бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертти.
Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар кызматы сел коопсуздук эрежелерин эске салат.
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү жарык, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.