ЖОЖдорго кабыл алуудагы босого балл белгилүү болду

2024-2025-окуу жылында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйрук бекиди. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Ал эми Педагогикалык билим берүү багыттары жана “Укук коргоо иши” даярдоо багыттары үчүн гранттык орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы – 120, предметтик тест – 60 болуп бекиди. Келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча –115, предметтик тест – 60 балл сакталганы кабарланат.

"Саламаттыкты сактоо багыттары үчүн гранттык квоталарга негизги тест – 120 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110 балл, ал эми предметтик тест – 60 баллдын негизинде жүргүзүлөт.

Айыл чарба илимдери боюнча окутуу багыттары үчүн гранттык квоталарга жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл, предметтик тест – 60 балл болуп бекитилди", - деп жазылат анда.

I жана II топтогу майыптыгы бар жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест – 105, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест – 100 балл болуп бекитилди.

"Ал эми Ички иштер министрлигинин Э.А.Алиев атындагы Академиясына сырттан окуу формасына тапшыруучу абитуриенттер үчүн – 100 балл.

Куралдуу Күчтөрүнүн генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Аскер институтуна бардык даярдоо багыттарына тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн босого балл – 100 балл болуп белгиленди", - деп жазылат маалыматта.

Жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларынын конкурсуна босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берери маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан