Мурдаш суусуна түшүп кеткен унаа: 6 жаштагы баланын сөөгү табылды

Ош облусунун Алай раонундагы Мурдаш суусунан изделип жаткан баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 2018-жылы туулган баланын сөөгүн саат 11:05те табышкан жана туугандарына өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, кечээ кечинде Мурдаш суусуна Niva үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткени маалым болгон. Анда айдоочу жергиликтүү тургундар тарабынан куткарылганы, ал эми бала сууга агып кеткени айтылган.

05.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан