Биз социалдык тармакта

"Электр станциялары" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды  

"Электр станциялары" ишканасына Салават Садыракунов башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Энергетика министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, 4-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев Кара-Көл шаарындагы аталган ишканага барып, жаңы жетекчини ишкананын эмгек жамаатына тааныштырган.

Мекемени буга чейин Таштан Коңурбаев жетектеп келген. Анын кызматтан алынган себеби тууралуу маалымат берилген жок.

Министрлик билдиргендей, "Электр станциялары" ишканасынын башкы кеңсеси Кара-Көл шаарына көчүрүлгөн. Буга байланыштуу министр кызматкерлер үчүн кеңсе жана турак жай маселесин чечүүнү тиешелүү тармактарга тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан