Бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат жарандардын өлүмүнө алып келе турган массалык башаламандыктарды уюштуруу менен саясий кырдаалды туруксуздаштырып, бийликти басып алууну пландаган деструктивдүү топтун мүчөлөрүн колго түшүргөн.
"Шектүү караты К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
УКМК аталган топ криминалдык жана диний идеологияны колдогон адамдардан түзүлгөндүгүн белгиледи. Алардын жашаган жерин жана пайдаланган транспорт каражаттарын тинтүү учурунда колго жасалган жардыргыч заттар, ок атуучу куралдар, ок-дарылар, рациялар, ок өтпөс кийимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийимдери, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылган.
Учурда тергөө иштери уланууда.