Чүйдө кабель чыгаруучу завод ачылды

Чүй облусунда электр чубалгыларын чыгара турган завод ишке кирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунда электр чубалгыларын (кабель) чыгара турчу заводдун ачылышына өкмөт башчы Акылбек Жапаров катышкан. Ал өлкө буга чейин электр чубалгыларын КМШ мамлекеттеринен импорттоп келгенин, эми заводдун ишке кириши менен импортко болгон көз карандылык азаярын белгилеген.

Ишкананын курулушуна "Айыл Банк" өнөктөштүк кылып, 4,7 миллион доллар бөлгөн. Ал эми инвестициянын жалпы суммасы 6,5 миллион долларды түзгөн.

"Кабель заводу 60 тонна алюминий, 30 тонна жез жана 100 тонна пластикатты иштете ала турган алдыңкы жабдуулар менен камсыздалган. Чыгарылган кабель жергиликтүү керектөөнү гана камсыздабастан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспортко чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өкмөт ишкана учурда 70ке жакын жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылып жатканын, келечекте жумуш оруну дагы көбөйөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан