Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 1-айлампасы 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларга ЖРТнын босого баллынан өткөн абитуриенттер гана тапшыра алат.
Белгилей кетсек, ЖОЖдорго бюджеттик негизде жана келишим акыга окутуу формалары үчүн билимин аныктаган тесттин босого баллы 110 деп бекитилди. Ал эми предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.