CAFA U-20 Championship-2024: Жалал-Абадда муниципалдык автобустар түнкү нөөмөткө чыгат 

CAFA U-20 Championship-2024 турнирине келген шаар тургундарына жана конокторго ыңгайлуу шарт түзүү максатында 5, 7, 9, 11-12-июль күндөрү саат 24:00дө "Курманбек" стадионуна муниципалдык автобустар нөөмөткө коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-каттамдагы автобустар СМУ кичи шаарчасы аркылуу Спутник, Көк-Арт кичи райондоруна жүргүнчүлөрдү жеткирет.

Ал эми 8-каттамдагы автобустар СМУ кичи шаарчасы аркылуу жүргүнчүлөрдү шаардын борбордук бөлүгүнө, андан ары Спутник кичи районуна жеткирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан