
Кыргызстанда сентябрь айынан тарта Meken бренди менен смартфондор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда "Кыргызиндустрия" ишканасынын жетекчиси
Жарасул Абдураимов билдирди.
Анын айтымында, смартфондорду ата мекендик адистер чогултат. Көпчүлүк тетиктер чет өлкөдөн алып келинип, телефондун корпустары өлкөдө жасалат. Бул үчүн жабдуулар сатып алынган.
Ага ылайык, Meken смартфондору чет өлкөнүкүнө караганда 10-15 пайызга арзан болот. Сметалык баасы – 11 миң сом. Абдураимов сапаты мыкты болорун убада кылууда.
Мындан тышкары "Кыргызиндустрия" келерки жылы турмуш-тиричилик техникаларын да чыгарууну пландоодо.