Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттын жүрүшүндө облустук жана райондук коомдук саламаттыкты сактоо кызматтарына өлкөнүн алыскы аймактарына вакциналарды ташуу үчүн 10 автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда аталган министрликтен билдиришти.
Буга чейин Кыргызстанда эмдөө деңгээлин жогорулатуу иш-чараларынын алкагында Вакциналар жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) жана ЮНИСЕФ тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине 16 унаа өткөрүлүп берилген.
Ага ылайык, калкты иммунизациялоо процесстерин эсепке алууну автоматташтыруу жана i-Emdoo маалыматтык системасын жайылтуу максатында Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун колдоосу менен республиканын саламаттык сактоо уюмдарына 200гө жакын компьютер жана ноутбуктар өткөрүлүп берилди.