"Евро-2024": Фаворит болгон Германия турнир менен коштошту

Бүгүн, 6-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун алгачкы чейрек финалдык оюндары өтүүдө.

Биринчи жупта Испания курамасы менен Германия кез келип, Испания үй ээлерин турнир менен кош айттырды.

90 мүнөт оюнда эки команда 1:1 эсебинде тең чыккандыктан дагы жарым саат убакыт берилди. Убакыт бүтөрүнө 1 мүнөт калганда алмашууга чыккан испаниялык коргоочу Микель Мерино эсеп санын 2:1ге айлантып, беттешке чекит койду.

Муну менен Испания жарым финалга жолдомо алса, Германия турнир менен коштошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан