Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды

Кечээ, 24-декабрда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталып, кубок ээлери аныкталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 23-24-декабрь күндөрү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алып, анда 202 балбан 8 салмак категориясы боюнча кармаш жүргүзүштү.

Кубок ээлеринин тизмеси:

57 килограмм салмакта - Самат Надырбек уулу

61 кг - Маралбек Рапилбек уулу

65 кг - Улукман Маматов

70 кг - Азат Мирахимов

74 кг - Эламан Догдурбек уулу

86 кг - Бекжан Мээрбеков

97 кг - Арзуубек Карыбеков

125 кг - Бекболсун Кушубаков 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан