Мушкер Мухаммадкадыр Абдуманабов 63 килограмм салмак категориясында бокс боюнча мелдеште жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, ал биринчи кармашта Белорустун чемпионун мөөнөтүнөн мурда жеңип, экинчи кармашта казакстандык мушкерди утту. Ал эми финалдык беттеште өзбекстандык атаандашын 3:2 эсебинде жеңди.
Анын машыктыруучусу Беганас Султанбаев.
Белгилей кетсек, "Азия балдары" оюндары Якутиянын Якутск шаарында 25-июндан 7-июлга чейин өтөт.