Бишкекте 8-июлдан тарта муниципалдык экспресс автобус каттамы ишке кирет

Бишкек шаарында 8-июлдан тарта №153 муниципалдык экспресс автобус каттамы иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдын акыркы аялдамалары 12-кичи райондо жана “Манас” эл аралык аэропортунда жайгашат.

Каттамды “Isuzu” үлгүсүндөгү, 12 метрлик, 3 эшиктүү, 17 даана заманбап автобус тейлейт. Аралыгы 10-12 мүнөттү түзөт.

"Аталган автобустар экспресс тартипте иштейт. Белгиленген гана аялдамалардан токтойт. Салондогу отургучтардан ашыкча жүргүнчү салбайт.

Буга байланыштуу тариф дагы башкача. Бишкек шаарынын мэриясынын 4-июлдагы №104 токтомуна ылайык №153 муниципалдык автобуста жол кире акысы накталай төлөсө 140 сом, накталай эмес 122 сом", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, каттамды тейлеген автобустар кондиционер жана накталай эмес төлөм аткарууга керек жабдуулар менен жабдылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан