Эртең Бишкекте Абдрахманов, Жибек-Жолу көчөлөрүнүн айрым тилкелери жабылат

Бишкек шаарында Жусуп Абдрахманов-Байтик баатыр, Иса Ахунбаев жана Жибек-Жолу көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең, 7-июлдан тарта Жибек-Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Мындан тышкары Абдрахманов көчөсүнүн Киев көчөсү жана Чүй проспектисинин ортосундагы бөлүгү да жабылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан