Биз социалдык тармакта

Эртеңден тарта Бишкекте эки гана троллейбус каттамы жүрөт

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең, 7-июлда Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин ортосундагы тилкеде оңдоо иштери башталат. Буга байланыштуу № 2, № 4 жана № 7 троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу токтотулат.
Ал эми шаарда №11 жана №14 гана троллейбус каттамы жүрөт.
"Шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Ага байланыштуу сапарларыныздарды пландаштыруунун алдында ушул өзгөртүүлөрдү эске алууну суранабыз", - деп билдиришти мекемеден.
Белгилей кетсек, эртең, 7-июлда жолду оңдоо иштерине байланыштуу Жибек-Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылары белгилүү болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан