Бүгүн, 6-июлда УКМКнын Баткен облусундагы Лейлек райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Камчыбек Ташиев катышып, атайын кызматтын жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК жетекчиси куттуктоо сөзүн сүйлөп, имараттын шарттары менен таанышып чыкты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын ардагерлери жана жергиликтүү башкармалыктын өздүк курамы катышкан иш-чаранын жүрүшүндө тапшырмалар жана талаптар да эске салынды.
Камчыбек Ташиев үстүбүздөгү жылдын аягына чейин УКМКнын өлкө ичиндеги бардык аймактык бөлүмдөрүн жаңылоо иштери аяктаарын билдирди.
"Түзүлгөн шарттарга жараша атайын кызматка коюлган талаптар дагы күчөтүлүп, өлкө коопсуздугун камсыз кылуу багытында зарыл болгон иш-аракеттерди күчөтүү жагы үзгүлтүксүз ишке ашырылат", - деп айтылат маалыматта.