Бүгүн, 6-июлда Аламүдүн районунун Чуңкурчак капчыгайында аркан менен секирүү учурунда орто жаштагы киши кулап түшкөн. Окуяга күбө болгондордун айтымында, алар кишиге жардам берүүгө аракет кылышкан, бирок ал алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал үй-бүлөсү менен спорт комплекстеринин биринде аскадан секирүү үчүн барган.
Маалыматка ылайык, Чүй ОИИБинин маалымат кызматы Чуңкурчактагы адамдын өлүмү боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.
"Кырсык бүгүн саат 13:30дар чамасында болгон. 39 жаштагы жаран секиргенде аркан үзүлүп кеткен. Натыйжада ал каза болгон”, - деп билдиришти милициядан.