Аркан менен секирүү учурунда киши каза болгон FlyJump спорт комплексинин ээси кармалды 

Аркан менен секирүү учурунда киши каза болгон "FlyJump" спорт комплексинин ээси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, топтолгон материалдардын жана каза болгон жарандын жакындарынын арызынын негизинде бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин (Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралар менен бул кылмышка шектүү катары Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 1996-жылы туулган Н.А. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 13:30дар чамасында 39 жаштагы жаран спорт комплекстеринин биринде аскадан секиргенде аркан үзүлүп кетип, каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-07-07 14:57:00
эртең акчасын алып үй камагына чыгарып койсо эч ким таң калбайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан