УКМК бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн жарандарды кармашты. Бул тууралуу кечээ, 6-июлда УКМКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, УКМК бир нече ай бою өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана жарандардын өлүмү менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштурууну көздогөн, бийликти күч менен басып алууну жүзөгө ашырууну пландаган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт койду.
Алар 31-августта Бишкек шаарына жакын жерде өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштарды, анын ичинде алдын ала даярдалган кыйратуучу күчтөрдү топтоо максатында спорттук оюндарды уюштурууну пландаштырышкан.
"Алар ул спорттук иш-чарага элди Бишкек шаарына жөө жүрүшкө үндөш үчүн айрым оппозиция лидерлерин чагымчыл катары чакырууну пландашкан. Андан соң алдын ала даярдалган деструктивдүү спортчулардан жана кылмыштуу элементтерден турган адамдардын тобу кырдаалдан пайдаланууну көздөшкөн. Чогулган элди Бишкек шаарына алып барышып, жол боюнда зордук-зомбулук, каракчылык, өрттөө, мүлктү жок кылуу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды колдонуп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары алдын ала даярдалган адамдардын тобу провокация жана кырдаалды курчутуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана жарандарга каршы колдонуу үчүн, ок атуучу куралдарды ээлеп алуу максатында ок атуучу полигонду басып алууну пландашкан.
Аталган кылмыштуу топ жыл башынан бери бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча максаттуу иштерди жүргүзүшкөн. Өлкөнүн айрым аймактарында деструктивдүү маанайдагы жаштарды мобилизациялоо үчүн "смотрящийлер" делген адамдар менен жолугушууларды өткөрүшкөн.
Алар ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жана уулу заттарды даярдоо үчүн зарыл болгон тетиктерди сатып алышкан. Ал эми баш-аламандык учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, күч түзүмдөрүнүн аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу максатында, алардын аракеттерин координациялоо үчүн рацияларды, ок өтпөс кийимдерди жана көп сандагы укук коргоо органдарынын кийимдерин да сатып алышкан.
Ага ылайык, кармалган К.Б., М.Э., Б.Б., М.А. жана С.А. 21-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.