Бишкекте алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, жылуулук жана ысык суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы бүгүнкү күндө темир жолдон Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкесин бүтүрүү алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түтүктөрдү алмаштыруу үчүн 8-июлдан тарта Гоголь көчөсүн бойлой Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкени жабуу пландалууда.
Белгилей кетсек, реконструкциялоо ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.
“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы сизден маршрутту алдын ала пландаштырып, келип чыккан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.