Бишкекте токтотуу эрежесин бузган унааларга каршы күрөш уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгогндой, бүгүнкү күнгө карата рейдди жүргүзүү үчүн отуздан ашык атайын техника тартылган.
Май айынан бери 3 миң 500дөн ашуун автоунаа эвакуацияланды.
Ага ылайык, эртең, 8-июлдан тартып унаа токтотуу эрежелерин бузган автоунаа каражаттарына күнү-түнү күрөш жүргүзүлөт.
"Урматтуу айдоочулар! Көчөлөрдүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында автотранспорт каражаттарын токтотууга тыюу салынган тилкелерге калтырбоону суранабыз", - деп билдиришти мэриядан.