Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 8-июлга карата аба ырайы

Эртең, 8-июлга караган түнү Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөшү, айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +25…+30,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27.

"Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +27…+29 градус болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан