Орусиянын Краснодар аймагындагы Туапсе шаарына жакын жерде, Инал булуңундагы пляждын жанында токойдон өрт чыкты. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, өрттүн аянты 6 миң чарчы метрди түзгөн.
Инал булуңунда куураган чөп күйүп кеткенин облустук ыкчам штаб билдирди.
"Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү куураган өсүмдүктөрдүн күйүп кетишин жок кылууда. Жеке үй чарбаларына эч кандай коркунуч жок. Өрттү өчүрүүгө 11 техника жана 56 адам тартылган", - деп айтылат маалыматта.
Mash телеграм каналынын маалыматына ылайык, өрттүн келип чыгуусуна туристтер тарабынан күйгүзүлгөн сигнал ракетасы себеп болгон. Бардыгы болуп үч ракета учурушуп, экөө деңизге, бирөө токойго түшкөн.