Ысык-Көл облусундагы Түп районунун бир катар айылдарында сел суулары агып өтүүчү каналдар тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Күрмөнтү айылындагы сел өтүүчү каналдын 600 метри, Талды-Суу айылындагы Алма-Бак каналынын 1620 метри, Көөчү айылындагы сел өтүүчү каналдын 1500 метр жери сел калдыктарынан толугу менен тазаланды.
Учурда райондун Корумду айылындагы сел өтүүчү каналды тазалоо иштери жүрүүдө. Мындай иш-чаралар сел кырсыктарынын алдын алуу жана материалдык чыгымдардын санын, ошондой эле адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында жүрүп жатканы кабарланат.