Бишкекте 10-июлда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жаткан Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки жолго бир катмар асфальт басылды.
Экинчи катмар асфальт төшөлүп, жол белгилери чийилгенден соң аталган бөлүктү ачуу пландалып жатканы айтылат.