Ошто жанаша жайгашкан 5 турак үй күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-июль күнү Ош шаарынын Закиров көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 5 турак үй күйүп, жабыркагандар катталган эмес.
"Натыйжада 700 чарчы метр турак үй, ага жанаша жайгашкан биринчи турак үйдүн 250 чарчы метр аянты толугу менен күйгөн. Ал эми үчүнчү турак үйдүн 98 чарчы метри, төртүнчү турак үйдүн 240 чарчы метр аянты толугу менен күйүп, бешинчи турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Жалпы 1308 чарчы метр аянт күйдү", - деп жазылат анда.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 12:17де чектөөгө алынып, саат 15:08де толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканы кабарланды.