Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Билим берүү жана илим министрлиги сыйлык тапшырды.
Министрликтен билдиргендей, "Илимдин мыктысы" төш белгиси менен билим берүү, илим жана медицина тармагына кошкон салымы, окутуу жана тарбиялоодогу жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен И.Ахунбаев атындагы КММАнын онкология бөлүмүнүн доцентинин милдетин аткаруучу, медицина илимдеринин кандидаты Евгения Лим сыйланган.
Ал эми "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен:
- Улуттук онкология жана гематология борборунун торокалдык онкологиянын хирургиялык бөлүмүнүн онкохирург дарыгери Пётр Лопатин;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунун артериялык гипертензия бөлүмүнүн башчысы Мыскал Дүйшеналиева;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кардиоревматология бөлүмүнүн башчысы Гули Саатова;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева сыйланышкан.
Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун улук илимий кызматкери Салтанат Омушева сыйланды.