Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында документтерди даярдоо жана сатуу боюнча мыйзамсыз каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган канал аркылуу диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар чет өлкөлүк жарандарга расмий иш кагаздары системалуу түрдө даярдалып, анын негизинде Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алуу аныкталды.
"Ушул жылдын 2-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (Документтерди жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Б.Г.Ж. жана Б.Д.Г. аттуу жарандардын жашаган жерине тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анда туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктөрдүн бланктары, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн гербдүү мөөрлөрү, өлкөнүн жана коңшу мамлекеттердин жарандарынын паспорттору алынды.
Мындан тышкары "Хизб-ут Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун тыюу салынган экстремисттик материалдары жана баракчалары табылды", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө органдары тарабынан паспортторду жана башка документтерди мыйзамсыз алууга көмөктөшкөн башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканы айтылат.