Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод сентябрда ишке берилет

Сентябрдын соңунда Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраев Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында суткасына 500 тонна мунайды кайра иштеп чыгуучу заводдун курулушу менен таанышкан.

"Былтыр март айында "Түндүк Сох" жана "Чонгара Галча" мунай кендерин биргелешип иштетүү долбоорун ишке ашыруу үчүн "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы түрк компаниясы менен макулдашкан.

Учурда курулуш иштеринин 90 пайыздан ашыгы аткарылды, заводду сентябрь айынын аягында ишке берүү мерчемделген. Азыркы тапта 4 мунай скважинасында оңдоо жана даярдоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Инвестициянын жалпы суммасы 91 миллион долларды түзөрү, 51 адам иш менен камсыздалганы, завод ишке кирсе 150 жумуш орду түзүлөрү белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан